Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Кыргызстан алгачкы жолу дүйнөлүк “Арт футбол-2015” чемпионатына катышат


Өнөр адамдарынын футбол боюнча “Арт футбол-2015” аталышындагы дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандын өкүлдөрү алгачкы жолу катышат. Бул тууралуу эл аралык футболдук-музыкалык “Арт-футбол” фестивалынын сайтында жазылган.

Оюндар 6-14-июнь күндөрү Орусиянын борбору Москвада өтөт. Ага Кыргызстан, Беларус, Британия, Германия, Израил, Италия, Казакстан, Түштүк Корея, Нидерланды, Орусия, Румыния, Словакия, Словения, Түркия, Эстония жана Жапониянын курамалары катышат.

Кыргызстан В тайпасында Германия, Корея жана Казакстан курамасы менен ойнойт. Кыргызстандын атынан Тахир Гафуров, Адил Чекилов, Атай Өмүрзаков, Азамат Абдрахманов, Саламат Абдрахманов, Максат Мамырканов, Жан Воинов, Тынай Алыбаев, Эмил Кенжекулов, Данияр Долотбаков, Мирлан Абдыкалыков, Төлөн Турсуналиев, Куралбек Чокоев, Ренат Мамбеталиев, Альберт Соломонов, Акрамжан Акбаралиев, Александр Волкодав жана Евгений Пилипас ойношот.

Оюндар Москвадагы «Крылья Советов», «Локомотив» жана «Торпедо» стадиондорунда болот.

Футболдук-музыкалык “Арт футбол” фестивалы алгач 2007-жылы Сочиде өткөрүлгөн. (ECh)

XS
SM
MD
LG