Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Ак-Сууда сабалган эки малчы ооруканада


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя кечээ кечинде Ак-Суу районуна караштуу Ак-Кыя жайлоосуна кетип бараткан жолдо болгон.

Маалыматка караганда, Эмил Жангабылов жана Улан Иманалиев аттуу малчылар Зындан айылынан бир короо кой менен жайлоого баратышкан. Жолдон аларга мас абалындагы үч адам кол салган.

Оор жаракат алган эки малчы облустук ооруканага жеткирилди. Кылмышка шектелип райондун Отрадное айылынын үч тургуну кармалды. Алар кылмышты моюндарына алып көрсөтмө беришүүдө. Учурда тергөө жүрүп жатат. (AsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG