Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

Украинада “Теңдик маршы” өтөт


Бүгүн Киевде сексуалдык азчылыктардын маршы өтөт. Украинанын президенти Петро Порошенко акция өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өтүп жатканын белгилеп, бирок ага өзү катышпай турганын билдирди.

Буга чейин Жогорку Раданын депутаты, “Оңчул сектордун” лидери Дмитрий Ярош бул акцияны болтурбоого аракет жасашарын билдирген. Ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына коомчулук Москванын агрессиясына каршы туруу идеясынын тегерегинде биригиши керектигин жазган.

Ошондой эле учурдан пайдаланып, сексуалдык азчылык өз ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө аракет кылууда деп сындаган. “Оңчул сектор” Киевдин мэри Виталий Кличкого кайрылып, маршка уруксат бербөөнү өтүнгөн. Мэр бул маршты “азыркы учурга туура келбейт” деген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG