Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Ысык-Көлдө Сабантуй майрамы белгиленет


Бүгүн Каракол шаарында кыргызстандык татарлардын Сабантуй майрамы белгиленет. Майрамды “Татулык” татар-башкыр диаспорасы уюштурууда. Иш-чарада улуттук оюндар, жарыш, сынактар өткөрүлөт. Майрамды Казань филармониясынан келген ырчы-чоорчулар коштойт.

Сабантуй татарларда кыш бүткөндөн кийин июнь айында майрамдалат. Кыргызстанда бул майрам 1989-жылдан бери өткөрүлүп келет. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 30 миңге жакын татар улутундагы жаран жашайт. (КЕ/AsA)

XS
SM
MD
LG