Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Премьер-министр үч эмдин энесине жардам көрсөтүүнү тапшырды


Үч эмдин энеси жардамга муктаж
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:11 0:00

Үч эмдин энеси жардамга муктаж

Премьер-министр Темир Сариев Саламаттыкты сактоо министрлигине, өкмөттүн алдындагы социалдык саясат бөлүмүнө үч эм төрөгөн келинге керектүү жардамды көрсөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда үч эм төрөгөн Бактыгүл Камчыбек кызы жардамга муктаж экенин өзү 5-июнда ”Азаттыкка” билдирген. Ал жолдошу менен кош бойлуу кезинде ажырашып кеткенин, апасы аны кабыл албай коюп Бишкекке келгенин, азыр барар жери жок экенин айткан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG