Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Атамбаев: Мамлекеттин ар бир сому өлкөнүн келечегине кызмат кылууга тийиш


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосунда жазылган. Анда 2015-жыл Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыяланганы белгиленип, элдин жашоосун жакшыртып, улуттук өндүрүштү, ишкердикти өнүктүрүү, жаңы жумушчу орундарын түзүү милдети коюлганы айтылат. Мамлекет башчы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинен кошулганын, интеграция процессиндеги өзгөрүүлөр финансы жана экономика кызматкерлерине өзгөчө жоопкерчилик артарын белгилеген.

- Мамлекеттик финансыны башкаруу ишинде коррупциянын түрдүү көрүнүштөрүнө чечкиндүү бөгөт коюу өзгөчө мааниге ээ. Мамлекеттин ар бир сому натыйжалуу пайдаланылып, Кыргызстандын келечегине кызмат кылууга тийиш, - деп жазылат президенттин куттуктоосунда.

Кыргызстанда финансы жана экономика кызматкерлеринин кесиптик күнү 2003-жылдан бери 7-июнда белгиленип келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG