Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Үч эмди төрөгөн эне элден жардам сурады


Үч эмдин энеси жардамга муктаж
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:11 0:00

Үч эмдин энеси жардамга муктаж

Бишкектеги үч эм төрөгөн эне жардамга муктаж. Үч эмдин энеси жолдошу менен ажырашып кетип, кайын-журту, өз туугандары менен да катташпайт.

23 жаштагы Бактыгүл Камчыбек кызы Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 5-июнда, таңкы саат беште операциялык жол менен үч эм төрөгөн. Кызыгы каарман үч эм күтүп жатканын көз жарарга жакын билген. Буга анын кош бойлуу кезинде эч бир бейтапканада каттоого турбагандыгы жана турмуштук окуялар себеп болгон:

- Күйөөм менен ажырашып кеткем. Андан кеткенден кийин Жалал-Абаддагы апама баргам. Бирок апам мени кабыл албай койду. Кайненем болсо эшикке чыгарып ийген. Анан курсактагы балдарга алты ай болгондо Бишкекке баса бердим. Келгенден кийин дарыгерлерге кайрылсам, эгиз төрөйсүң деп айтышкан. Эгиз төрөйт экенмин деп сүйүнүп жүрүп эле ичим ооруганынан төрөтканага келсем, үч эм төрөйсүң деп калышты.

Келин энесине таарынгандан кийин Бишкеке келип, мечитте жашаган бейтааныш эле аялдын бөлмөсүндө баш калкалаган. Ушул тапта, Бактыгүл бир эсе балдарын көрүп кубанса, бир эсе төрөт үйүнөн чыккандан кийин кайда барам деп санааркап жаткан кези:

- Балдарымды көрдүм. Уулум атасына, андан кийинки кызым кайын атама, кичүү кызым өзүмө эле окшош го. Менин да, балдарымдын да ден соолугу жакшы болгондуктан беш же жети күн аралыгында төрөтканадан чыгарымды айтышты. Чынын айтсам, мен азыр бардык нерсеге муктажмын. Үч баланы эми багыш керек да. Же үйүм, же каражатым жок. Бир гана кудай билет мындан ары эмне болорун.

Бактыгүлдүн айтымында, ал күйөөсү менен мыйзамдык никеге турган эмес, жолдошу экөө эки ача жолго түшкөндө анын эки айлык боюнда бар экен. Бактыгүлдүн Кочкор районунда жашаган күйөөсү, анын кайын-журту менен байланышуудан майнап чыккан жок.​

Төрөлгөн үч эмдин экөө кыз, бири уул. Алар жарык дүйнөгө келген борбордун төрөт бөлүмүнүн баш дарыгеринин орун басары Салтанат Назаралиеванын айтымында, ымыркайлардын ден соолугу жакшы:

- Азыркы тапта эне менен балдардын ден соолугу туруктуу. Үч эм деген диагноз коюлгандан кийин дарыгерлер да аябай даярданышты. Үч жума жетпей төрөт башталгандыктан, операциялык жол менен төрөткөнгө туура келди.

Аталган борбордун дарыгерлеринин айтымында, ушул тапта Бактыгүлдүн жана балдарынын ден соолугун сурап, туугандары келген эмес. Бактыгүлдү үйүндө бир нече ай батырган Зарина Батыралиева андан кабар алып жатканын, буга чейин бир да жолу анын туугандарын көрбөгөнүн айтууда:

- Мага келгенден бери туугандары, кайын-журту аны менен байланышкан жок. Мен Бактыгүлдүн туугандарын ушу күнгө чейин көргөн эмесмин.

Ал арада, үч эм төрөгөн жалгыз бой келинге кандай жардам көрсөтүлөрүн сурап, Социалдык өнүктүрүү министрлигине кайрылдык. Бактыгүл шаардагы төрөтканада көз жаргандыктан, ага Бишкек шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тараптан жардам көрсөтүлүшү керек эле. Бирок аталган башкармалыктын башчысынын орун басары Лариса Губина, анан каттоого турган жеринен атайын текшерүүлөрдөн кийин жардам берилерин белгиледи:

- Келиндин Бишкек шаарында каттоосу жок болгондуктан, ага биздин башкармалык социалдык жактан жардам көрсөтө албайт. Жөлөк пул алуу маселесин ал катталган, маселен, Жалал-Абаддан келсе ал жактан атайын министрликтин адистери жашаган шартын текшерип, андан соң ага акча бөлүнөт. Ал учурда анын жалгыз бой эне экени да эске алынат. Негизи, буга чейин биздин башкармалык шаардык казынанын эсебинен эгиз төрөгөн энелерге 35 миң сом, үч эмдин энелерине 70 миң сом төлөп келген.

Премьер-министр Темир Сариев 6-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигине, өкмөттүн алдындагы социалдык саясат бөлүмүнө үч эм төрөгөн келинге керектүү жардамды көрсөтүү тапшырмасын бергени маалым болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG