Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:49

“Кыргызпочтасынын” кызматкерлери пенсионерлердин акчасын ээлеп алганы аныкталды


Сокулук райондук прокуратурасы Шопоков шаарындагы №36-08 байланыш бөлүмүн текшерүүгө алган. Аталган бөлүм “Кыргызпочтасы” ишканасынын Чүй облусуна караштуу филиалына карайт.

Натыйжада аталган байланыш бөлүмүнүн кызматкерлери Социалдык фонд менен түзүлгөн келишимдин шарттарын бузуп, апрель-май айында пенсия үчүн которулган 403 миң 533 сомду кымырып алганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, бул каражат 76 пенсионердин акчасы болгон.

Байланыш бөлүмүнүн кызматкерлери май-апрель айларында жалган отчет берип, пенсиялар төлөнгөнүн айтышкан. Бул окуя боюнча Сокулук райондук прокуратурасы Кылмыш кодексинин “кызматтык жасалмалуулук” (315), “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу” (171) беренелерине ылайык кылмыш ишин козгоду. Учурда тергеп-иликтөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG