Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:01

Жалал-Абаддын тургуну милиция кармап кеткен соң каза болду


Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын 36 жаштагы тургуну Каныбек Уметовду 5-июнда кечки саат жети жарымдарда милиция кармап кеткен. Андан эки сааттан кийин ата-энесине суук кабар айтылып, баласы каза болгону тууралуу маалымат беришкен. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. Каныбектин атасы Дыйканбай Уметов уулунун эки каруусунда, чыканагынын үстүндө көгала издер болгонун айткан.

- Көк-Жаңгак шаарынын тургуну Жалал-Абадга тиш догдурга келип, кандайдыр бир себептер менен милицияга кармалыптыр. Көп убакыт өтпөй каза болгон. Кечки жети жарымда кармалган экен. Тогуз жарымда ата-энесине кабар берилиптир. Атасы менен сүйлөшкөнүмдө ал эки каруусунда, чыканагынын үстүндө көгала бар экен, сүйрөгөн окшойт деп билдирди.

Соттук медициналык экспертиза өткөрүлдү. Облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Уметов мас абалында административдик укук бузганы үчүн кармалган. Ошол учурда өзүн өзү асып алганы кабарланууда. Учурда бул окуяга милициянын тиешеси бар-жогу териштирилүүдө.

Укук коргоочулар жабык жайлардагы кыйноо азайбай келатканын белгилеп келишет. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG