Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

Арабдар менен еврейлер Иранга каршы биригеби?


Сауд Арабиянын аскерлери Йеменди карай аткылоодо. 13-апрель, 2015-жыл
Сауд Арабиянын аскерлери Йеменди карай аткылоодо. 13-апрель, 2015-жыл

Эл аралык басма сөзгө баяндама (1-6-июнь)

2014-жылдын башынан бери Сауд Арабиясы жана Израилдин расмийлери Иранга каршы иш-аракеттерди талкуулоо үчүн беш ирет жашыруун жолугушту. Эки өлкөнүн дипломаттарынын акыркы жолугуусу узаган аптада Вашингтондо болду.

Иранга каршы бул эки өлкө канткенде биригет деген суроого Bloomberg каналынын аналитиги Илай Лейк жооп издеген. Булардын жашыруун жолугушуусунун себеби, Сауд Арабиясы Израилди өзүнчө мамлекет катары расмий тааный элек, ал эми Израил болсо саудиялыктардын демилгеси менен курулган Палестинаны расмий кабылдабай келет. Ушундай кайчы пикирдеги эки тарапты бириктирген жалгыз кызыкчылык Иранды талкалоо болууда.

Вашингтондогу жолугушууга Сауд Арабиясы тараптан Ханзаада Бандар бин Султандын кеңешчиси, Сауд Арабиясынын АКШдагы мурдагы элчиси Мажид Эшки, берки тараптан Израилдин БУУдагы мурдагы элчиси Дор Голд катышты.

“Тарыхый душман өлкөлөрдүн өкүлдөрү Жакынкы Чыгышта үстөмдүгүн арттыргысы келген Иранды токтотууну орток максат кылды. Мажид Эшки Ирандан чыккан коркунуч бүтүндөй араб дүйнөсүнө зыяны тиерин айтса, Голд: “Биздин бүгүнкү биригүүбүз эки өлкөнүн ортосундагы пикир келишпестик бүттү дегенге жатпайт”, - деди. Эшкинин айтымында, кызматташтык Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетяньяху Палестина чатагын басууда Араб Тынчтык демилгесин кабыл алганда гана расмий башталат. Арабдар менен еврейлердин Иранга каршы жашыруун биригүүсү 2009-жылы эле башталган. Эки мамлекетти чочулаткан дагы бир маселе - АКШ президенти Барак Обаманын Ирандагы режимге каршы чыкпай, маселени тынчтык менен чечүүгө умтулуусу болууда. Обама өзөктүк куралдануу жаатында Иран менен бир пикирге келеби азырынча белгисиз, эгер бул ишке ашса араб-еврей биримдигинин атаандашына айланып калчудай”,- деп жазат аналитик Илай Лейк.

Түрк саясатын дүрбөткөн алтын даараткана

The Washington Post гезитинин аналитиги Адам Тейлор Түркияда шайлоо алдында саясатчылардын шайын кетирген “алтын даараткана” тууралуу макала жазып, эл аралык кызыгууну жаратты. Шайлоо алдында үгүт иштери менен жүргөн “Жумхуриет Халк” партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу Режеп Тайип Эрдогандын 1 миң 150 бөлмөлүү жаңы Ак сарайындагы дааратканалар алтын жалатылганын айтып чыккан. Эрдоган анын бул сөзүнө дароо жооп кайтарып, Кылычдароглуну Ак сарайга чакырып, ар бир ажаакананы кыдырып чыгуусун, эгерде алтын жалатылган даараткана тапса, президенттик кызматын тапшырып берерин, таппай калса Кылычдароглу кызматынан чегинүүсү керек деген шарт койгон. “Бул окуя акыркы мезгилде эл арасында алтын дааратканага байланышкан имиштерди кайрадан карап чыгууга түрткү болду. Маселен, рэпер Канье Уест жана Ким Кардашьян да 2013-жылы үйүндөгү дааратканаларга алтын жалатуу үчүн 750 миң доллар коротконун айтышкан. Алтын ажатканасы менен Сауд Арабиясынын падышасы да атагын чыгарган. Ал кызынын үйлөнүү тоюнда себине кошуп, алтын унитаз белек кылган. 2014-жылы Украина бийлигинен кеткен Виктор Януковичтин Межигорьедеги сарайынан да алтын жалатылган унитаз чыккан. Бара-бара ал Януковичтин бийлигинин символуна айланган. Эрдогандын Ак сарайында алтын жалатылган даараткана болбосо да, 620 миллион долларга салынган бул имарат жаалданган сын-пикирлердин булагына айланды”, - деп жазат Адам Тейлор.

Борбор Азияны кантип түбөлүк башкарса болот?

Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ичинен Кыргызстан менен Түркмөнстанда гана Советтер Союзу кулагандан бери бийлик алмашты. Канткенде Борбор Азияны өмүр бою башкарса болот деген суроого жоопту The Diplomat аналитикалык журналында Кэтрин Патз издеген. Түркмөнстанда бийлик алмашуу Түркмөнбашынын 2006-жылдагы өлүмүнөн кийин болгон. Бирок азыр түркмөндөр Гурбангули Бердымухамедовго алтын айкел тургузуп, президенттик жаш куракты жетимиштен өйдө жана жети жылдык мөөнөткө алмаштыруу менен түбөлүк такка отургузушту. Борбор Азиядагы эң жаш президенттер да ушул эки өлкөгө таандык, Кыргызстандын ажосу 58 жашта, Бердымухамедов 57де. Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанды жашы абдан улуу ажолор башкарып, өмүрүнүн аягына чейин бул тизгинди берчүдөй эмес. Бирок бул абалдын кооптуу жагы да бар. Борбор Азиянын эли барган сайын демократияга ыктап, мыйзамдардын коом үчүн иштөөсүн талап кылуу деңгээлине жетти, - деп жазат The Diplomat.

Ханышаны “өлтүргөн” журналист

Британияда Би-Би-Си дүйнөлүк кызматынын журналисти Амин Каважа Твиттер социалдык тармагына “Ханыша Елизавета II дүйнө салды” деп жазып алып медиада чоң чуу чыгарды. The Telegraph гезитинин маалымдашынча, Каважа айым эми жосунсуз жазып алган маалыматы үчүн кызматтык жаза алганы турат. Ал бул сүйлөмдү телефонун унутуп калып, бирөө тамашалап жазып койду деп айтууда. Бирок “Ханыша Елизавета өлдү” деген кабар Британияга дароо таркап, Букингем сарайынын расмийлери ханышанын саламаттыгы абдан жакшы экенин, ал тирүү эле турганын билдирүүгө аргасыз болду.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG