Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:57

Германияда “Чоң жетиликтин” саммити өтөт


Германиянын Гармиш-Партенкирхен шаарында бүгүн “Чоң жетиликтин” эки күндүк саммити башталат. Ага Орусия чакырылган эмес. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн лидерлери дүйнөлүк экономика, жакырчылык, терроризмге каршы күрөшүү, глобалдык климаттын өзгөрүшү жана алдын алуу сыяктуу эл аралык маселелерди талкуулашат. Украина чыгышындагы кырдаалдын курчуп жатканына байланыштуу Батыш менен Орусиянын мамилеси да сөз болору айтылууда.

Мунун алдында, 6-июнда Гармиш-Партенкирхен шаарында саммиттин өтүшүнө каршы тарап менен полиция кагылышкан. Эки тарап тең жараат алгандар бар экенин билдирүүдө. Демонстрацияга ар кандай уюмдун, кыймылдын өкүлдөрү чыгышкан. Арасында жакырчылык менен күрөшүү, айлана-чөйрөнү, жан-жаныбарларды, качкындардын укугун коргогондор бар.

Уюштуруучулардын айтымында, акцияга 7 миңден ашуун, полициянын маалыматы боюнча, 3,5 миңден ашык киши катышты. Алардын арасында бирөө “Жоголгула ары, мага Путин жагат!” деген плакат көтөрүп алган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG