Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

Түркияда соңку он жылдагы эң кызуу парламенттик шайлоо өтүүдө. Шайлоонун жыйынтыгы бийликте турган Режеп Тайып Эрдогандын АК партиясынын (“Адилеттик жана өнүгүү”) кийинки тагдырын аныктайт. Партия жеңсе, Эрдогандын бийлигин узартуу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизилиши ыктымал. Бирок күрт улутундагылар басымдуулук кылган Элдик демократиялык партия парламентке кирүүчү 10 пайыздык чекти ашса, шайлоо натыйжасы башка нукка бурулары алдын ала сурамжылоодон улам белгилүү болду.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүп жатканда, 5-июнда Диярбакырда жарылуу болуп, 5 киши мүрт кетип, 200 адам жаракат алган.

Адистердин айтымында, жарылуу колго жасалган бомба менен ишке ашкан. Эрдоган жарылуу шайлоонун маанисине көлөкө түшүрүү максатында уюштурулганын айтып чыкты. Себеби 5-июнда жүздөгөн адамдар Элдик демократиялык партияны колдоп, АК партияга каршы демонстрацияга чыккан эле. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG