Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:23

Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган базардын кесиптик кошуунунун төрайымы Дамира Дөөлөталиева билдирди. Ал сооданын соолгундашын Евразия экономикалык биримдигине кирүү процессинин кечеңдеши менен байланыштырууда. Анын айтымында, соодагерлер биримдикке кирүү алдында насыя, карызга бир топ товар алып алышкан.

- Темир Сариев экономика министри болгон кезде “азыркы биздин баа менен Кыргызстанга товарларды арзан, көп киргизип алгыла, анан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин ошол эле товарыңарды эки эсе кымбат сатасыңар” деп күнү-түнү айтып жатты. Эми минтип ЕАЭБге кире албай, анын бирин да сата албай кыйналып атышат. “Дордой” базарында мына акыркы ай ичинде эле товар айлантуу 80% чейин азайып кетти.

"Дордой" - Борбор Азиядагы ири базар. Салык кызматы базардан айына 34 миллион сомго чейин салык чогултса болорун эсептеп чыккан. Базарда 60 миңден ашуун адам иштейт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG