Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Новосибирскте Алексей Навальныйга жумуртка ыргытышты


Бүгүн Новосибирскте “Прогресс” партиясынын төрагасы, оппозиционер Алексей Навальныйга маалымат жыйын өткөрөр алдында белгисиз бирөөлөр жумуртка ыргытышты. ТАСС маалымат агенттигинин жазганына караганда, онго чукул жаран Навальныйдын АКШ туусунун фонунда түшкөн сүрөтүн көтөрүп алышкан.

“Мен тамак-аштан кыйынчылык тартпаган, аны көчөгө ыргыткан Новосибирск шаарында болгонум үчүн өтө кубанычтамын”, - деп жооп берди журналисттерге Навальный. Аталган облустун Ички иштер башкармалыгы партиянын лидери же уюштуруучулар арыз менен кайрылса окуяны териштирерин билдирди.

Алексей Навальный орус президенти Владимир Путинди кескин сындап чыккан. 2011-2012-жылдары Москвадагы нааразылык жүрүштөрүнүн негизги күчү болгон. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG