Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:46

“Чоң жетиликтин” саммитинде Орусиянын Украинага карата агрессиясы талкууланат


Ушул күнү Германияда башталып жаткан “Чоң жетиликтин” саммитинде Орусиянын Украинага болгон агрессиясы жана экстремизмге каршы күрөшүү маселелеси талкууланат. Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама бүгүн Германиянын түштүгүндө канцлер Ангела Меркел менен жолуккан учурда билдирди. Кошмо Штаттардын лидери жумушчу орундарды түзүү жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу чаралар тууралуу сөз болорун кошумчалады.

“Чоң жетиликке” Германия, Британия, Франция, Италия, Жапония, Канада жана АКШ кирет. Орусия мурда “Чоң сегиздик” деген топтун катарынан өткөн жылы чыгарылган. Буга расмий Москванын Крымды аннексиялап алышы себеп болгон.

Мунун алдында, 6-июнда Гармиш-Партенкирхен шаарында саммиттин өтүшүнө каршы тарап менен полиция кагылышкан. Эки тарап тең жараат алгандар бар экенин билдирүүдө. Демонстрацияга ар кандай уюмдун, кыймылдын өкүлдөрү чыгышкан. Уюштуруучулардын айтымында, акцияга 7 миңден ашуун, полициянын маалыматы боюнча, 3,5 миңден ашуун киши катышты. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG