Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:02

ЖК комитети Медакадемия боюнча маселени 9-июнда карайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Коррупцияга каршы көмөктөшүү уюмунун (АКОС) төрага орун басары Камил Умаров билдирди. Өткөн аптада парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети вице-спикер Надира Нарматованын кийлигишүүсүнүн негизинде Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясына абитуриенттерди кабыл алуудагы мыйзам бузуулар боюнча АКОСтун кайрылуусун күн тартибинен алып салган. Умаров бул маселе ушуну менен үчүнчү жолу жылдырылып жатканын билдирүүдө.

Буга чейин Башкы прокуратура 2012-жылы Медициналык академия 25 баланы мыйзамсыз, сынактан тышкары кабыл алганын, арасында тестирлөөдөгү баллы жетишсиздер да бар экенин белгилеп, жоопкер кызмат адамдарына чара көрүү боюнча өкмөткө сунуштама киргизген.

Буга чейин “Азаттык” баллы жетпеген абитуриенттерди Медакадемияга мыйзамсыз кабыл алуу фактыларына байланыштуу ири коррупциялык схеманы иликтеп чыккан. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG