Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:11

Түркияда Эрдогандын партиясы күтүлгөндөн аз добуш алды


Өкмөт башчы Ахмед Давутоглу добуш берүүдө. 7-июнь, 2015-жыл.
Өкмөт башчы Ахмед Давутоглу добуш берүүдө. 7-июнь, 2015-жыл.

7-июнда Түркияда өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары президент Режеп Тайып Эрдогандын партиясы Конституцияны өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп жатканын көрсөттү. Учурда добуштар дээрлик саналып бүттү. АК партия 41% жакын добуш алганы кабарланууда. Мындай көрсөткүч менен партия парламенттен 260дай орун алат. Мынча мандат 550 орундуу парламентте көпчүлүктү түзгөнгө жетпейт.

Эгер президент Эрдогандын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” же кыскартып айтканда АК партиясы парламентте коалициялык көпчүлүктү камсыздаса, Баш мыйзамды өзгөртүүгө жол ачылып, Түркия парламенттик башкаруудан президенттикке өтүшү ыктымал эле.

Жергиликтүү күрттөрдүн Элдик-демократиялык партиясына добуштардын 13% ыйгарылды. Алар алгачкы ирет парламенттик мандатка ээ болот.

Шайлоодо жалпысынан 19 партия ат салышты. (SE)

XS
SM
MD
LG