Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

Комитет “Суу кодексин” парламентке алып чыгууну чечти


Депутат Эркингүл Иманкожоеванын маалымдоосуна караганда, өкмөт “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүүнү колдоп берүүнү Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетине сунуштап, маселе бүгүн каралды. Комитет бир жактуу чечим кабыл албай, долбоорду Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечти. Парламент комитетинин жыйынына биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баштаган бир катар өкмөт мүчөлөрү катышты.

Кодекске өзгөртүү киргизилсе мөңгүлүү тоолордо кен казуу иштерине уруксат берүү өкмөттүн колуна берилет. Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы кодекске өзгөртүү киргизүүгө кескин каршы чыгып, аны коррупциялык көрүнүш катары баалаган.

Иштеп турган “Суу кодексинде” мөңгүлөрдү бузууга жол берилбегендиктен “Центерра Голддун” Кумтөрдөгү бир жылдык иш планы бекитилбей турат. Иш план бекитилбесе, иш токтотуларын “Центерра Голддун” жетекчилиги билдирүүдө. “Центерра Голд” Кумтөрдөгү Давыдов мөңгүсүн жылдырууга уруксат алууну көздөөдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG