"Азаттык медиа" мекемесинин журналисти Бакыт Асанов премьер-министр Темир Сариевдин маалымат катчысы болуп дайындалды. Мындай буйрукту премьер-министр 5-июнда чыгарды.
Бакыт Асанов кыргыз-түрк "Манас" университетинин "Коммуникация" факультетин 2011-жылы аяктаган.