Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

Көмүр сатып алуу боюнча бир тендер болбой калды


Улуттук электр станциялар акционердик коомунан 8-июнда кабарлагандай, жергиликтүү көмүр сатып алуу боюнча 15-майдагы тендер болбой калды. Ошондуктан жаңыдан тендер жарыяланат. Электр станциялар жергиликтүү көмүр кендеринен 500 миң тонна көмүр сатып алууну пландаштырган.

Казакстандан 3 млрд. 488 млн. сомго 900 миң тонна көмүр сатып алуу боюнча 13-майда өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгын көз карандысыз аудит текшерүүдө. Ал тендерге Кыргызстанда катталган “Рассвет компани”, “Прогресс компани” жана Казакстанда катталган “БорНова” аттуу жоопкерчилиги чектелген коом катышкан. Көз карандысыз аудиттин текшерүүсү 12-июнда аяктап, ошондон кийин тендердин жыйынтыгы жарыяланат.

Бүгүнкү күнгө карай Бишкек жылуулук борборунда 70 миң тонна көмүр бар. Ошондуктан бир тендердин үзгүлтүккө учуроосу кышка даярдык көрүүгө тоскоолдук кылбайт, деп белгилешти Электр станцияларынан. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG