Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Оштогу "Аман банкта" кезек күтүү күч


Бул тууралуу «Азаттыкка» Орусиядагы жакындары салган акчаны ала албай кезекте турган жарандар кабарлашты. Алардын айтымында, "Аман банк" Орусиядагы мигранттар которгон акчаны таратуу милдетин толугу менен өзүнө алып койгон. "Бирок акчаны жеткире албай, адамдардын узун кезеги пайда болду" деп айтышты тургундар.

Ал эми "Аман банктын" Оштогу жетекчилиги Орусиядагы мигранттардын акчасын акысыз которуучу F5 системасы ишке киргенин, ал системага азырынча "Аман банк" гана кошулганын, ошондуктан мигранттар которгон акчанын көбү банктан гана берилип жатканын билдиришти.

"Аман банк" кезек күтүүлөрдү азайтуу үчүн эртең мененки 8ден кечки саат 6га чейин иш күнүн узартканын да кошумчалады. Учурда "Аман банктын" акча которууларды тейлөөсү 10% көтөрүлгөн. (YI)

XS
SM
MD
LG