Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

ФИФА: Орусия менен Катар дүйнөлүк чемпионат өткөрүү укугунан ажырашы мүмкүн


ФИФА өкүлдөрү эгер мелдеш өткөрүлчү жерди аныктоо жараянындагы коррупция далилденсе, Орусия менен Катар футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү укугунан ажырап калышы ыктымалдыгын эскертти.

Азыр ФИФАнын биринчи кызмат адамы болуп калган федерация эрежелерин сактоо жана аудит боюнча жетекчи Доменико Скала Швейцариянын Sonntags Zeitung гезитине: "Эгер Орусия менен Катар мындай укукка пара менен жеткени далилденсе ал укук жокко чыгарылат", - деп айтты. Бирок ал алиге чейин андай далилдер көрсөтүлө электигин кошумчалады.

АКШнын коррупция боюнча айыптоолорунан улам Швейцария полициясы 27-майда ФИФАнын 7 чиновнигин камакка алган. Ошондой эле Орусия 2018-жылдагы, Катар 2022-жылдагы дүйнө мелдештерин өткөрүү укугун утушу боюнча иликтөө жүргүзө баштаган.

ФИФА президенти Йозеф Блаттер мындай жаңжалдардан кийин 2-июнда кызматтан кетерин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG