Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Токтогул ГЭСи үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан насыя алынат


8-июнда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети Токтогул ГЭСин реабилитациялоо үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан 100 млн. доллар насыя алуу боюнча келишимди ратификациялоого макулдугун берди. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Токтогул ГЭСин реабилитациялоо үчүн 250 млн. доллар керек болору айтылган. Анын 110 млн. доллары Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн. Кыргызстандын салымы 40 млн. доллар болмокчу.

Токтогул ГЭСи 40 жылдан бери жабдуулары алмаштырылбай иштеп келгендиктен, алар эскирип бүткөнүн адистер белгилеп келишет. (AiT)

XS
SM
MD
LG