Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучун эскертет


Министрликтин 8-июндагы маалымдоосуна караганда, Кыргызстанда акыркы 40-50 жылда катталбаган ысык болууда. Тоолордо жылдагыдан кар көп. Күндүн кескин ысышы менен кардын ээрүүсү жана күтүлүп жаткан жаан-чачындар жер-жерлерде сел коркунучун күчөтүүдө. Ошондуктан өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов селге каршы чараларды күчөтүүгө буйрук берди.

8-июнда түнү Суусамырда асма көпүрөөнү сел алып, 50 чабан малы менен дарыянын аркы өйүзүндө калган. Аларга жардам берүү үчүн тийиштүү адистер жана жооптуу адамдар жөнөп кеткен. (AiT)

XS
SM
MD
LG