Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Кыргыз жана тажик өкмөттөрү электр баасы боюнча бир пикирге келе элек


Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясынын 1 киловатт саатын 3,13 центтен сунуштап жатат. Кыргыз тарап ага макул боло элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика министри Кубанычбек Турдубаев билдирди. Буга чейин Тажикстан 5 центке бааны сунуштап, расмий Бишкек макул болгон эмес.

Кыргызстан быйыл Тажикстандан 225 млн. киловатт саат электр энергиясын сатып алууну көздөп жатат. Бирок эки тарап баа боюнча бир пикирге келе элек. Сүйлөшүүлөр дагы уланат.

Премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт өкүлдөрү бүгүн Тажикстанга эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн кеткен. (EBM)

XS
SM
MD
LG