Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Ирандын мурдагы вице-президенти камалды


Иран маалымат агенттиктери мурдагы вице-президент Хамид Багхаей бүгүн кармалганын өлкө сотунун маалымат катчысына таянуу менен жазып чыгышты. Бирок ага кандай айып тагылганы айтылган жок. Багхаей мурдагы президент Махмуд Ахмединежаддын тушунда аткаруу иштери боюнча вице-президенттикти аркалаган.

Былтыр да Махмуд Ахмединежаддын дагы бир орун басары, мурдагы биринчи вице-президент Мухаммад Реза Рахими 5 жылга эркинен ажыратылып, 1,1 миллион доллар төлөөгө милдеттендирилген. Ал өлкөдө коррупциянын кеңири жайылышына жол берген деп айыпталганы кабарланган.

Азыркы президент Хасан Роуханинин өкмөтү мурдагы президент Ахмединежаддын өкмөтүн алар башкарган сегиз жыл ичинде мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланганы, ашыкча чыгымдарга жол бергени үчүн айыптап келет.

XS
SM
MD
LG