Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Кыргыз мушкерлери Ташкентте таймашууда


Кыргызстандын бокс боюнча уландар курамасы ушул күндөрү Ташкент шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугуна катышууда. Кыргызстандын улуттук курамасынын улук машыктыруучусу Кенжебек Акелбаевдин айтымында, өлкө намысын 9 спортчу - Рустам Муратов, Адилет Эгемберди уулу, Роман Таалайбек уулу, Хожиакбар Адихамов, Акназар Жылдызбек уулу, Майрамбек Кайкыев, Данияр Өмүрбек уулу, Айбек Акылбек уулу жана Алишер Чаткалбеков коргоп жатышат. Андан сырткары "Ышкыбоз" боксчулардын эл аралык ассоциациясынын мүчөсү Турдаалы Оморов мелдеште калыстык кылат. Байгелер 13 салмак ченинде ойнотулат.

Таймашка Азиянын 15 өлкөсүнөн 15-16 жаштагы 120га чукул мушкер келген. Турнир 14-июнда аяктайт. (ECh)

XS
SM
MD
LG