Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:49

Бүгүн парламентте Медакадемия маселеси каралат


Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети бүгүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясындагы коррупциялык иштерди талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Коррупцияга каршы көмөктөшүү уюмунун (АКОС) төрага орун басары Камил Умаров билдирди.

Өткөн аптада аталган комитет вице-спикер Надира Нарматованын кийлигишүүсү менен Медакадемияга абитуриенттерди кабыл алуудагы мыйзам бузуулар боюнча АКОСтун кайрылуусун күн тартибинен алып салган. Ага чейин да эки жолу каралбай калган.

Башкы прокуратура 2012-жылы аталган окуу жай 25 баланы мыйзамсыз кабыл алганын белгилеп, чара көрүү боюнча өкмөткө сунуштама киргизген. Бул маселени “Азаттык” радиосу иликтеп, бир топ кыңыр иштерди ачыкка чыгарган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG