Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:42

“Кыргызстан” партиясы “Жети кадам” аттуу партиялык программасын жарыялады


Жаңы түптөлгөн “Кыргызстан” партиясы бүгүнкү курултайында жарыяланган программада өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий өнүгүүсүнүн багыттары аныкталган. “Ыймандуу Кыргызстан”, “Жигердүү Кыргызстан” деген өңдүү өлкөнү өнүктүрүү багыттары камтылган бул программа партия парламентке келе турган болсо, тиешелүү мыйзам долбоорлору аркылуу сунуштала тургандыгы белгиленди. Ошондой эле партия парламенттик шайлоодон утуп келсе, өз өкүлдөрүн болочоктогу коалициялык өкмөткө сунуштарын билдирүүдө.

Партиянын лидерлеринин бири Каныбек Иманалиев саясий уюмга мүчө болгондордун жаш курагы 35 жаштан 45 жашка чейинки жарандар экенин айтып, өлкөнү өнүктүрүүнүн жоопкерчилигин алууга даяр саясий элита калыптанып жатканын айтты.

Күздөгү парламенттик шайлоого камынып жаткан партиянын лидери – Канат Исаев. Анын курамында - Жогорку Кеңештин депутаттары Шаршенбек Абдыкеримов, Каныбек Иманалиев, Алмазбек Баатырбеков, Элмира Жумалиева, мурунку губернаторлор Арзыбек Бурканов, Канатбек Муратбеков бар. Серепчилер “Кыргызстан” партиясы бийликтеги КСДПнын жандоочусу болорун жана каражаттан кыйналбастыгын болжошууда. (AzK\KJ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG