Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:11

Украинада үч өрт өчүргүчтүн дайыны чыкпай жатат


Украина -- Күйүп жаткан мунай базасынан чыккан түтүн. Васильков, 9-июнь, 2015

Украина -- Күйүп жаткан мунай базасынан чыккан түтүн. Васильков, 9-июнь, 2015

Ички иштер министри Арсен Аваков мунай базасындагы өрткө каршы күрөшүп жаткан өрт өчүргүчтөрдүн үчөөсү катуу жарылуудан кийин дайынсыз болуп жатканын билдирди. Киевден 30 чакырымдай аралыктагы Васильков шаарына жакын жайгашкан мунай базасындагы өрт кечээ кечинде башталган. Аны өчүрүүгө 300дөй өрт өчүргүч тартылып, бирок майнап чыкпай жатат. Өрт адегенде мунай сактаган бир кампадан чыгып, жанындагы 900 метр куб. көлөмдөгү сегиз кампага жайылган. Азыр кеминде 16 мунай кампасы күйүп жатат.

Буга чейин тилсиз жоодон жабыркаган алты киши ооруканага жиберилгени кабарланган.

Украин ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Зорян Шкиряк полиция кырсыктын себептерин иликтеп жатканын билдирди. Анын айтымында, азырынча "күйүүчү майды сактоо эрежелеринин бузулушу, техникалык оң эместиктер жана атайлап өрттөө" деген үч божомол каралууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG