Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

Т. Сариев: Кыргызстан суу топтоп бергени үчүн Өзбекстан чыгымдарды кошо көтөрүшү керек


Кыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев Дүйшөмбүдөгү өтүп жаткан конференцияда Өзбекстан Кыргызстанга Нарын дарыясынан сууну топтоп бергени үчүн кеткен чыгымдарды кошо көтөрүшү керектигин белгиледи. Ал Чу дарыясын пайдалануудагы келишимге ылайык, Казакстан аздыр-көптүр тийиштүү чыгымдарды көтөрүп келе жатканын эскертип өттү.

Кыргызстан коңшулары Өзбекстан менен Казакстанга суу топтоп берет. Расмий Бишкек буга чейин да суу товар катары бааланышы зарыл, ага байланышкан чыгымдар төлөнүшү керек деген маселе көтөрүп келген.(EBM)

XS
SM
MD
LG