Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:04

Казакстанда жейрендерди коргоо акциясы өттү


Казакстан -- Акциядан бир көрүнүш. Орол, 9-июнь, 2015.

Казакстан -- Акциядан бир көрүнүш. Орол, 9-июнь, 2015.

«Абырой» экологиялык бирлигинин бир канча мүчөсү Орол шаарындагы акцияда жейрендердин кырылуу себебин иликтеген көз карандысыз комиссия түзүү талабы менен президент Назарбаевдин наамына жазылган кайрылууну окуп берди. Активисттердин пикиринде, жейрендердин жапырт кырылуусуна Орусиянын Казакстандагы космостук жана аскердик иш-аракеттери себеп болгон. Активист Азамат Муканов жейрендердин кырылуусун иликтөөдө Байконур космодромунан уулуу гептил затын пайдаланчу "Протон" чөлмөгү учурулушун башкы версия катары кароону бийликтерден талап кылышарын билдирди.

"Жейрендер негизинен "Протон" калдыктары кулаган аймактарда кырылган. Биз Байконурду бир канча миллион долларга ижарага беребиз. Кызыл китепке кирген жейрендер ошол ач көздүктүн курмандыгы болду. Андыктан биз президент Назарбаевди Казакстандын аймагында Орусиянын ар кандай аскердик иш-аракеттерин токтотууга чакырабыз", -деп айтылат активисттердин кайрылуусунда.

Соңку эсеп боюнча, Казакстандын Костанай, Акмоло жана Актөбө облустарында акыркы эки айда жалпысынан 132 миң жейрен кырылган. Анын себеби алиге белгисиз. Өлкөнүн айыл чарба министри өткөн жумада кырылуунун себебин иликтеген комиссия тыянагын үч аптанын ичинде чыгарарын айткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG