Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

Шаардык кызматтар шаар тургундарын машинелерин токтотууда сак болууга чакырууда


Шаардык Биринчи май районунун акими Аскарбек Алиев бүгүнкү маалымат жыйында катуу шамалдан кийин эски, чириген бактардын тамыры бошоп калганын айтып, дагы бир аз шамал болсо алардын кулап калуу коркунучу бар экендигин белгиледи. Ал шаар тургундарын унаа токтотууда сак болуп, тегерек-четине көңүл бурууга чакырууда.

Алиев “Зеленстрой” ишканасы менен бирдикте Бишкекте авариялык абалда турган бактарды кыюу боюнча иштер башталарын белгиледи.

Кечээ Бишкекте ылдамдыгы 20 м/секундадан ашкан шамал болуп, ондогон бактарды жыгып, машинелерди басып калган он чакты учур катталган. (AzK\KE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG