Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

AI Пан Ги Мунду Ташкенде адам укуктары боюнча маселени көтөрүүгө чакырды


Адам укуктары боюнча эл аралык Amnesty International уюму БУУнун баш катчысын Өзбекстанга иш сапары менен барганда адам укуктары боюнча маселени козгоого үндөдү. Лондондо бүгүн жарыяланган билдирүүдө БУУга Ташкенден эл аралык милдеттенмелерин аткаруусун жана Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча эксперттерин өлкөгө кирүүсүнө уруксат берүүнү талап кылуу чакырыгы ташталган.

Укук коргоо уюму өзбек бийликтери кыйноолорду токтотуу жана ушул сыяктуу укук бузуулардын алдын алуу үчүн батыл реформаларга барышы керек деп эсептейт. Уюмдун Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча программасынын директору John Dalhuisen а түгүл Пан Ги Мундун сапарынын алдында да өзбек полициясы менен коопсуздук күчтөрү мурдагыдай эле кыйноолорго жол берип жатканын айтты. Өткөн аптада Өзбекстандагы адам укугун коргоочулар альянсынын жетекчиси Елена Урлаева пахта талаасында мажбурлап иштетүү туралуу далилдерди топтогон соң полиция тарабынан кармалып, кыйнап-кыстоолорго кабылганын айтып чыккан.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Борбор Азия өлкөлөрүндөгү иш сапарын бүгүн Тажикстандан баштады. Ал беш күн ичинде Казакстанда, Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Түркмөнстанда иш сапары менен болот.

XS
SM
MD
LG