Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:01

Аскердин өлүмү жакындарын күмөн санатууда


Кайтаруу жана күзөт департаментине караштуу №7412 аскер бөлүгүндө каза тапкан Нурсултан Калыгуловдун өлүмү иликтенүүдө. Азырынча ал өз өмүрүн кыйган болушу мүмкүн деген версия айтылып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек гарнизонунун аскер прокурору Азамат Мамбетов билдирди.

Калыгуловдун сөөгү 5-июнь күнү таң эрте күзөтүүчү секиде асылып турган абалда табылган.

Маркумдун ата-энеси баласы өз жанын кыйды дегенге ишенбей турганын, анын денесинде көк ала, таманында мыктын изи калганын айтып жатышат.

Сөөктү алып келген аскер бөлүктүн кызматкерлери алгач Калыгулов өзүн атып алганын билдиришкен. Кийинчерээк аны төгүндөп, муунуп өлгөнүн айтышканы ата-энени күмөн туудурууда. Кошумча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат.

Нурсултан Калыгулов армияга быйыл жазында чакырылып, Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылынан Бишкекке келип кызмат өтөп жаткан. (AsA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG