Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:29

Багдаддагы жардыруулардан 28 өмүр кыйылды


Ирак бийлиги 9-июнь күнү Багдад шаарындагы жарылуулардан 28 адам мерт кеткенин билдирди. Полициянын маалыматына ылайык, алгач шаардын чыгыш бөлүгүндө бомба орнотулган унаа жарылып, 10 адам көз жумган. Анын артынан эле калаанын батыш бөлүгүндө аскер кийимчен согушкерлердин огунан сегиз киши курман болгон. Согушкерлердин бири өзүн жардырган, дагы экөө полициянын огунан каза тапты.

Калаанын түштүк тарабында жайгашкан Юсуфия аскердик күзөт бөлүмүнө да чабуул болуп, төрт кызматкер мерт кеткен. Мөмө-жемиш сатылган базарда жана негизги дүкөндөр жайгашкан көчөдөгү жарылуулар 6 кишинин өмүрүн кыйган. Жарадар болгондордун саны 60 чамалуу.

Кол салууга эч ким жоопкерчиликти ала элек. Бийлик муну “Ислам мамлекети” тобу жасаганын болжоп жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG