Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

Баткен облусунда селдин кесепетинен таза суу жана сугат суу таңкыс болууда


Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду жана Бешкент айыл аймактарында жүргөн сел айылдарда таза суу менен камсыздоочу дамбаны, темир түтүктү бузуп кеткен. Кулунду каналында сугат суу берүүнү үзгүлтүккө учураткан. Мындан тышкары электр мамыларын дагы кулаткан.

Кырсык болгон аймакка барган өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 10 күн ичинде ичүүчү жана сугат сууну калыбына келтирүүнү, электр энергиясы менен 1-2 күндө камсыздоону тиешелүү министрликтер менен ишке ашырарын билдирди. Ушул тапта сел каптап калган турак үйлөрдү, жол, каналдарды тазалоо иштери уланууда.

Баткен облусунун Лейлек районундагы айылдарда 8-июнь күнү жүргөн сел 145тен ашык турак үйгө зыян келтирип, айыл чарба аянттарын каптаган. (AzK)

XS
SM
MD
LG