Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:03

Акыйкатчы кызматынан өз каалоосу менен чегинүүгө даяр экенин билдирди


Бул туурасында ал бүгүнкү парламенттин жыйынында айтты. 2014-жылдагы аткарган иштери тууралуу отчетун берүүдөн мурда ал Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзам жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети анын жылдык докладын угуу учурунда Конституциянын, БУУнун Ассамблеясынын Париж принцибин бузганын белгиледи.

Анын айтымында, комитет анын ишин канааттандырарлык эмес деп таап, акыйкатчыны кызматтан алуу чечимине келген.

Бүгүн ал парламентти жылдык докладды угуп жатып, акыйкат мамиле кылууга чакырып, эгер парламент анын ишиндеги кемчиликтер боюнча айныгыс аргументтерди таба алса, ал кызматын тапшырып берүүгө даяр экендигин билдирди.

Мыйзам чыгаруу органынын маалыматына караганда, Бакыт Аманбаевдин отчету 14-апрелден бери күн тартибинде турат жана беш жолу башка күнгө калтырылган. Акыйкатчы мунун себеби эки жолу ооруп калганы, бир жолу иш сапар менен сыртка кеткенине байланыштуу экенин билдирүүдө. Парламентте акыйкатчынын отчетун өз убагында бербей Женевага иш сапар менен кетип калышына сындар айтылган болчу. (AzK)

XS
SM
MD
LG