Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

MERS-вирусуна каршы чаралар көрүлүүдө


Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымдоосу боюнча, Түштүк Кореяда күчөгөн MERS-короновирус оорусуна каршы Кыргызстанда да профилактикалык иштер башталды.

Мамлекеттик чек аралардагы санитардык текшерүү өтмөктөрү Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Кореядан каттаган адамдарды көзөмөлгө алууда. Азырынча алардын арасынан тумоолоп же ооруп келгендер каттала элек.

2012-жылы башталган бул ооруну дүйнө жүзү боюнча 1190 адам жуктуруп, 444ү көз жумган. Түштүк Кореяда жакынкы күндөрү эле инфекция күчөп, жети киши каза тапты. Эки миӊден ашуун киши карантинге алынып, 1900 мектеп жабылды. (BCh)

XS
SM
MD
LG