Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Жалал-Абад: ар улуттун балдары бир талаада мелдешти


Июнь окуясынын 5 жылдыгына карата Сузак районунда облустук денгээлде улуттар арасында спорттук мелдеш болуп өттү. Иш чараны Сузак райондук администрациясы жана ички иштер бөлүмү уюштуруп, ага жалпысынан аралаш улуттагы 10 команда катышты.

Спорттун волейбол жана футбол түрү боюнча мелдешке жалпысынан 150 миң сом байгеге коюлган. «Тынчтык, ынтымак жана биримдик» аталышындагы иш-чара улуттар арасындагы достукту бекемдөөгө багытталган.

Өткөн айдын этегинде Сузактын өзбек улуту жашаган айылына облустук ИИБ тарабынан машыгуусу спорт зал да ачылган болчу. Бул тууралуу облустук ИИБ басма сөз кызматы маалымдады. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG