Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Президент июнь окуясындагы жарандардын эрдигин белгиледи


Президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылы июнь окуясында адамдарды куткарууда эрдик көрсөткөн жарандар менен жолугуп, аларга президенттин сааттарын белек кылды. Мындай сааттарды президенттин колунан Оморбек Акимбаев, Курманбек Ахмедов, Муззафар Исаков, Бактыкан Кубатбекова, Назира Мамытова, Карамат Нишанбаева, Абдумалик Султанходжаев, Токтокан Турганбаева, Бахадыр Холматов, Николай Шваба, Байгазы Эрматов и Жакшыбай Жороев алышты.

“Башка өлкөлөрдөгү мындай окуялардын кесептин салыштырып көрүп, биз Кыргызстандын элинин акылмандыгына, туура жолдо баратканыбызга дагы бир ирет ишеним артабыз”,- деди президент.

Ал ошол күндөрү Кыргызстан эли жабыркагандарга түп көтөрүлө жардамга келип, миңдеген карапайым жарандар кырсык болгон аймакка гуманитардык жардамдарды жөнөткөнүн эскерди.

Мамлекет башчы өлкөдөгү бейпилдикти өзүбүздөн башка эч ким камсыз кыла албастыгын айтып, өлкөнүн биримдиги ар бир үй- бүлө, көчө, айыл жана шаардан башталарын белгиледи. (AzK)

XS
SM
MD
LG