Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

ЖК акыйкатчынын ишин канааттандырарлык эмес деп тапты


Парламент бүгүн акыйкатчынын 2014-жылдагы адам укуктарын коргоо жаатындагы аткарган иштеринин отчетун карап чыгып, аны канааттандырарлык эмес деп баалады.

Мындай чечимге 94 депутаттын ичинен 64ү добуш берди.

Кечээ акыйкатчынын отчетун парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети карап чыгып, ушундай баа берген болчу.

Бүгүн акыйкатчы Бакыт Аманбаев парламентти жылдык докладды угуп жатып, акыйкат мамиле кылууга чакырып, эгер парламент анын ишиндеги кемчиликтер боюнча айныгыс жүйөлөрдү таба алса, ал кызматын тапшырып берүүгө даяр экендигин билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG