Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Казак президенти диний экстремизмге каршы чогуу аракеттенүүгө чакырды


Астанадагы Конгресстин катышуучулары. 10-июнь, 2015-жыл.
Астанадагы Конгресстин катышуучулары. 10-июнь, 2015-жыл.

Нурсултан Назарбаев бул тууралуу бүгүн Астанда дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин бешинчи конгрессинде айтты.

Назарбаев белгилегендей, экстремизмди исламдын баалуулуктары менен актоого болбойт.

Казак президенти ошондой эле “аскерий жаңжалдардын баарын” токтотууга чакырды.

Назарбаевдин пикиринде, "кандай саясий карама-каршылык болбосун аларды күч менен чечүү ыкмалары четке кагылуусу керек”.

Казакстан дүйнөлүк жана салттык диндердин конгрессин 2003-жылы заманбап жана толеранттуу өлкө катары беделин чыңдоо үчүн уюштурган.

Ага дүйнө өлкөлөрүнөн саясий жана диний лидерлер, окумуштуулар жана аалымдар катышып жүрөт.

Конгресстин быйылкы катышуучулары арасында БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун, ЮНЕСКОнун башкатчысы Ирина Бокова, иордан падышасы Абдалла да бар. (UE)

XS
SM
MD
LG