Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Жоокердин асынганына ата-энеси ишенбейт


Нурсултан Карагулов
Нурсултан Карагулов

Бишкектеги кайтаруу жана күзөтүү департаментинин №7412 ички аскерлер бөлүгүнүн жоокери Нурсултан Карагуловдун өлүмү боюнча тергөө иштери башталды.

Аскер жетекчилигинин "жоокер өз жанын кыйган" деген бүтүмүнө маркумдун туугандары ишенбей, кошумча соттук-медициналык экспертиза дайындатышты. Алар баланын денесинде уруп-сабоонун белгилери бар экенин, ошондой эле жоокердин өлүмү боюнча аскер жетекчилеринин сөздөрү эки ача чыгып жатканын айтышууда.

Уулунун ант бергенден кийин кайра аскер бөлүгүнө жөнөп жатып айткан сөздөрүн эстеп, Назира Касмалиева буулугуп ыйлап отурду.

- "Көрөсүз, мени менен сыймыктанасыз. Туугандарымдын, элдин алдында силерди уят кылбайм, мени менен сыймыктана тургандай болосуңар! Мен армиядан кайтканда ушул формамды кийип келем. Өзүңөрдү карап, жакшы тургула" деп кеткен эле.

Нурсултандын ата-энеси
Нурсултандын ата-энеси

Нурсултан 21-мартта 18 жашка толуп, ошол замат аскерден чакыруу келип, бардык медициналык текшерүүлөрдөн ийгиликтүү өткөн соң 7-апрелде аскерге кеткен. Эки ай өтпөй баласынын сөөгүн колуна алган ата-эне кабыргасы кайышып, сыздап отурат.

Нурсултандын апасы Назира Касмалиева Жети-Өгүз районунун аскер комиссариатынын жетекчилиги баласынын өлүмү боюнча алгач башкача түшүндүрмө бергенин айтты:

- Биринчи эле ата-эненин суроосу "баламдын эмне болуп каза болгонун мага түшүндүрүп бергиле" дедим. "Кечирип койгула, караулга биринчи жолу чыгыптыр, ошондо кокустук болуп ок тийиптир" деп кабар угузушту.

Ал эми кечинде сөөктү коштоп келген аскер бөлүктүн жетекчилери Нурсултан Карагулов асынып алганын айтышат.

Окуя 5-июнь таңга маал болуп, башка жоокерлер Нурсултандын күзөт секисинин ичинде өз куруна муунуп турган жерден табышкан экен. Мындай эки сөздөн кийин туугандарында күмөн саноо башталган. Кийинки күнү баланы жууп жатканда денесинен бир нече тактарды табышкан. Таманынын алдында мыктын изи калыптыр, ал эми көк тактар көбүнчө табарсыгынын алдында жана кабырга тушунда болгон.

- Биринчи күнү чынында мени баламдын үстүнө киргизишкен эмес. Бирок сөөктү жууйбуз деп жатканда кирдим. Ошондо денесиндеги көгала тактардын баарын көрдүк. Балам кордук көрүп каза болгонуна көзүбүз жетип, кошумча соттук-медициналык экспертиза дайындаттырып, кайра сойдурдук. Балам өлгөндөн кийин да абдан кыйналды.

6-майда эле ата-эне баласынын Бишкектеги ант берүү аземине катышып, бир күнкү эс алуусун жакшы өткөрүп кубанып кайтышкан экен. Туугандары Нурсултан өзүн-өзү өлтүрүүгө бара турган бала эмес экенин айтышууда. Кошуна-колоңдору да Нурсултан дайым жаркылдап күлүп жүргөн, мектепте эле эмес, айылда да үлгүлүү балдардын бири болгонун айтып эскерүүдө.

- Аскерден качып барбаса, бул жерден деле муунуп өлүп албайт беле. Мына, бир ай болгондо атасы менен апасы барып келген, ант берүү аземине катышып, күлүп-жайнап, сүрөткө түшүп келишкен. Анан бир ай өтпөй эле сөөгүн алып келип берип атышпайбы, - деди атасынын агасы Сталбек Касмалиев.

Райондук аскер комиссариатынын кызматкерлери бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. Нурсултан Карагуловдун аскерге кетип жатканда өткөн медициналык кароосу жакшы болгонун гана айтып чектелишти.

Текшерүүлөр уланууда, жыйынтык чыга элек

Ал эми ишти иликтеп жаткан Бишкек гарнизонунун аскер прокурору Азамат Мамбетов Карагуловдун ата-энеси коюп жаткан дооматтарды четке кагууда. Ал соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыктары баланын денесиндеги көгала тактар уруп-сабоонун белгиси эмес деген жыйынтык чыгарганын билдирди. Айтымында, мындай корутундуну кошумча экспертиза да чыгарууда.

- Экинчи экспертиза баланын ата-энесинин, туугандарынын катышуусунда өттү. Денесинин сыртынан эч кандай уруп-сабоонун, кыйноонун белгилери табылган жок. Ички органдары да жабыркаган эмес. Ал эми таман алдындагы, бөйрөк тушундагы көгала тактар сөөк эки-үч күн кармалып калгандыктан пайда болгон. Андыктан азырынча күч колдонулган деген версияны колдонууга эч кандай негиз жок.

Бирок Азамат Мамбетов соттук-медициналык экспертизанын расмий жыйынтыгы чыккан соң гана ал толук чечмеленерин айтат. Мындан сырткары тергөө жакынкы күндөрү Кызыл-Суу айылына келип, Нурсултандын досторунан, теңтуштарынан анын мүнөзү, жүрүм-туруму тууралуу маалымат топтоорун кошумчалады.

Бул арада Кызыл-Суу айылынын тургундары келерки аскерге чакыруу маалында балдарын аскерге жөнөтпөө үчүн каршылык иретинде кол топтоп, жогорку бийлик өкүлдөрүнө жолдогону жатышат.

Ал эми Назира эже уулу Нурсултан аскерде ажал тапкандардын акыркысы болушун, Касмалиевдердин үй-бүлөсүнө бүлүк салган бул иш калыс териштирилип, башка энелер мындай каран түн түшүргөн кырсыкка кабылбасын деп тиленип отурат.

XS
SM
MD
LG