Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:09

Орус президенти Италияда жүрөт


Путин Италиянын премьер-министри Маттео Рензи менен. Милан, 10-июнь, 2015-жыл.

Путин Италиянын премьер-министри Маттео Рензи менен. Милан, 10-июнь, 2015-жыл.

Владимир Путиндин Италиядагы сапары Евробиримдик Орусияга каршы экономикалык санкцияларынын мөөнөтүн узартары күтүлүп жаткандан эки апта алдыга туура келди.

Бүгүн ал Миланда, Экспо-2015 дүйнөлүк көргөзмөсүндө Италиянын премьер-министри Маттео Рензи менен жолукту. Андан кийин Римге барып, президент Сержо Маттарелла жана мурдагы премьер-министр Сильвио Берлускони менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.

Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Орусиянын Италия менен алака-катышы жакшы. Бирок Италия өзү кирген “Чоң жетиликтин” турумун бузары арсар.

“Чоң жетилик” апта башында эгер Украинада кыянатчылыктар күчөсө Орусияга каршы санкциялар да күчөтүлөрүн эскертти.

Бир күндүк сапары учурунда Владимир Путин бүгүн Рим папасы Францистин кабыл алуусунда да болот. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG