Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:14

Сириядан Түркияга алты миңден ашуун качкын өттү


Түркиянын Акчакале шаарчасынын жанындагы чек ара бекетине топтолгон сириялык качкындар. 10-июнь, 2015-жыл.

Түркиянын Акчакале шаарчасынын жанындагы чек ара бекетине топтолгон сириялык качкындар. 10-июнь, 2015-жыл.

Түркиянын чукул кырдаалдар боюнча мекемеси кабарлагандай, алты миңден ашуун качкын Сириядан алардын аймагына акыркы бир аптада өтүп келди.

Алар “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери менен күрд күчтөрүнүн Тел-Абьяд шаарынын айланасындагы уруштарынан качкандар.

Маалыматтарга караганда, күрд күчтөрү азыр АКШ баштаган коалициянын абадан колдоосу астында Сириянын түндүк-чыгышынан шаарчалар менен кыштактарды ээлеп, согушкерлерди Тел-Абьяд шаарын көздөй айдоодо.

Тел-Абьяд Сириянын Ракка шаары менен Түркиянын ортосунда жайгашкан. Ракка азыр “Ислам мамлекети” тобунун де-факто борбору.

Бул аралыкта АКШ армиясы эл аралык коалиция 10-июнда “Ислам мамлекети” тобунун Сириядагы турумдарына беш, ал эми Ирактагы турумдарына 16 ирет сокку урганын маалымдады. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG