Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Эл аралык уюмдар Ысык-Көлдө балык чарбасын өнүктүрүүгө кызыгууда


Ушул жылдын соңуна чейин Ысык-Көл облусунда балык өстүрүүнүн заманбап ыкмалары колдонула баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Балык чарба департаментинин жетекчиси Самарбек Күчүков билдирди. Анын айтымында жеке ишкерлер учурда балыктын көнөк баштарын багуучу атайы жабдыктарды алып келүүдө. Алар Кыргызстандын климатына ылайыкталган, бир жабдыктын ичинде 800 миңден ашык көнөк баш багууга мүмкүн болот. Аппараттардын баасы 300дөн 1000 долларга чейин. Мындан сырткары жаңы технологиялардын жардамы менен балык өстүрүүчү коруктарда заманбап үлгүлөрүн жасоо пландалууда. Күчүков балыктарды кандай шартта багуу, көбөйтүү ыкмаларын чет өлкөлүк адистер үйрөтүп жатканын айтат.

Ал эми Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев учурда балык чарбасын өнүктүрүүгө көптөгөн эл аралык уюмдар кызыкдар болуп жатканын, бирок ишкерлерден конкреттүү программалар, иш-аракеттер жок болгондуктан алар каражат берүүнү токтотуп жатышканын билдирди.

Өлкө аймагында жалпы 100гө жакын балык чарбасы болсо, анын теңинен көбү Ысык-Көл облусунда. Адистердин айтымында, аталган чарбалар убагында 2000 тоннадан ашык балык өндүрүп келсе, азыр 100 тоннага да жетпей жатат. (AsA)

XS
SM
MD
LG