Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Сузакта милициянын үстүнөн прокуратурага арыз түштү


Кара-Суу районунун 31 жаштагы тургуну Сузак райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аны бир сутка суракка алганы үчүн Жалал-Абад облустук прокуратурасына арыз жазды. “Кылым Шамы" укук коргоо уюмунан "Азаттыкка" кабарлашкандай, милиция кызматкерлери аны 9-июнда кармап, аймакта болгон 10 уурулук фактысын мойнуна алууга мажбурлашкан жана 20 миң сом пара талап кылышкан.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран мурда соттолгон. Ал Сузактагы тааныштарынын үйүнө келгени, көчөдө бараткан жеринде милиция кармап кеткени айтылууда. Бул боюнча Сузак Ички иштер бөлүмү кармалган жаран шектүү катары суракка алынганын, баары мыйзамдуу болгонун билдирди. (RsK)

XS
SM
MD
LG