Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Атамбаев парламентти өз милдетин так аткарууга үндөдү


Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун баш катчысынын катышуусундагы “Парламенттик демократияны өнүктүрүү: алынган сабактар жана анын келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда парламентти өз милдетин так аткарууга чакырды. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин азыркы курамына элдин көбү нааразы.

- Жогорку Кеңеш биринчи кезекте өзүнүн мыйзам чыгаруучу функциясын так аткарыш керек. Тилекке каршы көп учурда азыркы парламент башка иштер менен алек. Айрым учурда депутаттар соттун, прокуратуранын ишине кийлигишип жатат. Буга жол берилбеши керек.

Жыйында БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун, ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков да сөз сүйлөдү.

БУУнун баш катчысы Бишкекке бир күндүк сапар менен Борбор Азия өлкөлөрүн кыдыруу программасынын алкагында 11-июнда эртең менен келди. Түштөн кийин ал Ош шаарына барат. (UEz)

XS
SM
MD
LG