Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

Орусия АКШга чек арасына жакын ракеталарды жайгаштырбоону эскертти


Москва ага катар Вашингтонду куралды көзөмөлдөө боюнча кансыз согуш доорунда кабыл алынган келишимдерди толук аткарууга чакырды.

Орус Тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүндө белгиленгендей, АКШнын Орусия чек арасына жакын ракеталарды жайгаштырса бул “Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр жөнүндө” келишимди толугу менен бузгандык болот.

Москва ошондой эле "Вашингтон Киевди Украинанын чыгышындагы жаңжалды улантууга түртүп жатат" деп айыптады. Алардын бул билдирүүсү алдында АКШнын Мамлекеттик департаменти Москваны курал келишимдери боюнча милдеттенмелерин бузуп жатат деп күнөөлөгөн эле.

Орусия “Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр жөнүндө” келишимди бузуусуна жооп иретинде Европада, атап айтканда Польша менен Румынияда ракеталарды жайгаштыруу маселесин америкалык расмий өкүлдөр талкуулады деген кабар ушул айдын башында тараган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG